Реклама

Стиль

ДЕНЕ ТУЗУЛУШКО ЖАРАША КИЙИМ ТАНДОО

25 Ар бир эркектин дене тузулушуно жараша ар кандай стилдеги кийимдер жарашат.

Пальто кийген узун бойлуу адам озун келбеттуу корсоткусу келет, бирок далдайган доого эч окшогусу келбейт. Бою бираз жапыз эркек костюм кийген учурда профессионалдуу корунгусу келет, бирок озунун агасынын кийимин кийген мектеп окуучусуна окшогонду эч каалабайт. Сооктуу келген жигит блейзер кийген учурда сымбатуу корунгусу келет, бирок анын устундогу кийим тытылганы аран тургандай корунгонун каалабайт. Ар бир адам озун калбаат алибеттуу кабыл алуусун каалайт да, озунун кемчиликтерин байкатпаганга умтулат, ошондуктан аларды дурустоого аракеттенуу зарыл. Эч бир костюм же пальто сиздин ашыкча 40 килограмм салмагынызды жашыра албайт, бирок туура кийинген учурда аларды байкатпай коюу мумкун. Соокту адам чон корунот, бирок толук коруно бербейт. Ар бир эркек озунун сырт келбетин мыкты тигуучунун жардамы менен ондой алат. Таланттуу жана стилди жакшы сезе билген кийим тигуучуну табуу абдан кыйын. Эгерде сиз андайга жолуксаныз, эч качан аны жоготпогонго аракет жасаныз. Бул макалада биз сизди арыкта же тамакты тартып жениз, же машыгуу менен алектениз деп акыл-насаат айтуудан алыспыз. ОРТОЧО ДЕНЕ ТУЗУЛУШ Мындай адамдарга болгон бардык кийимдер жарашат. Эгер сиз бул категориядагыларга кошулсаныз, оз ата – эненизге ыраазычылык билдиришиниз туура. Тыкан кийингенге аракеттенип, кездемелердин тусторунун туура келишине конул болунуз, салтанаттарга костюмдарды туура тандай билиниз. УЗУН БОЙЛУУ Эн биринчи костюм тандоодогу узун бойлуу жигиттин конул бура турганы – кандай материалдан тигилиши. Ири чакмактуу кездеме – сизге керектуусу, туура кеткен сызыктар сизди сырт келбетинизди алибеттуу корсотот. Узун бойлуу эркектер жазы тасмалуу суроттогу кездемелерден кийинсе да жарашат. Узун бойлуу кишиге кийимдеги кээ бир деталдар пропорциялуу корунушуно жардам бере алат. Алар: пиджактагы анчалык чон эмес капталындагы чонток, шымдын чон манжети, тош чонтоктон корунгон жуз аарчы жана бутоньерка.Оз алдынча бул деталдын баары керектуу эффектти бере алышпайт, баарын бирге колдогон учурда тик сызыкты «сындырып» узун бой кадимки орточо бойдой корунот экен. Костюм тандоодо чонтоктору менен лацкандарына конул болгуло, алар ото майда болуп корунбошу керек. БОЮ ЖАПЫЗ Бою жапыз жигиттер башкача проблемаларга кабылат. Эгерде узун бойлуулар кийимдердин деталдары алардын узун бойлорун козго пропорциалдуу корсотушуно жардам бергидей тандаса, бою жапыз жигиттер бойлорун ойдо чоюп корсотуу учун ал деталдардан качышы керек. Костюмдарды жана башка кийимдерди туура сызыктуу кездемеден тигилсе кийууго болбойт, тош чонтоктон корунтуп жуз аарчыны колдонууга болбойт. Кыска бойлуу болсон, ичке узун сызыктуу костюмдар сенин гардеробунда болушу туура. Кунурт тустогу калын материалдар жарашат. Шотланддык чакмак , кездемедеги майда суроттор коз карашты дененин келбети менен «кенен» чуркатпастан бир чекитке токтотуп коёт, ошондуктан аларды сиз колдонбоого аракеттениз. Бою жапыз эркектердин башы денесине караганда чон корунот. Бул сизге проблема болбош учун ийини кенен пиджактарды кийип, чачты кырктырганда да башты чон корсотпой турган чач жасалгаларын тандоо керек. Бою кичине эркектерге пиджак менен шымдын ону окшош болгону жакшы жардам берет, пиджакты бир аз кыскаараак болгону жакшы (идеалдуу болгон пиджак май куйрукту жаап турат). Шым белден башталган болгону дурус, бут узун корунот, шымга кур такпастан, тарткычтар менен ойдо карматкан жакшы. ТОЛУК Кокурогуно караганда бел курчоосу жоондордун кийим тандамагы оор жумуш, анткени кандай кийимден алардын толуктугу анча байкалбайт. Коп убакта ийини чак келсе да бели тар болуп калат, Ошондуктан толук эркектер кемчиликтерин билгизбей жашырып коё турган, абдан жакшы тигилген пиджактарды тандап кийиши зарыл. Гардеробунузда денеге жабышкан тор кийимдер болбошу керек. Кийимдериниздин бели кенен болгону туура, денени кысып турган кийимден сиздин ашык салмагыныз кыйкырып калат. Толуктукту эч нерсе менен жашыра албайсын, ошондуктан эл козуно сиздин онунуз биринчи урунгандай кийинуу керек. Толуктарга тигинен кеткен сызыктуу жана кунурт бир тусто болгон кийимдер жарашат. Андай кийим кишини узунан тартып ичке коргозот экен. Унутпаныз, бир дагы кездеме же алардын суроттору сизди арык корсото албайт бирок туура тандап кийинуу ашыкча создордон сакташы мумкун. Кийинуу стилине келсек, пиджак 2 топчулуктан жана терен V –типтеги пиджак танданыз, кокурокту узунунан тартат. Лацкандарынын учтары ичке бир борттуу костюмдар жана кыйгач чон чонтоктордон туура сызыктар кобурок корунуп толуктукту баса белгилеп коёт. Толук жана бою жапыз эркектер шымдын белин бийик кийгени жакшы, козго бут узарып корунот. АРЫК Ото арыктарды туура тандалган кездеме козго толумдуу корсотушу мумкун. Арык кишилер кийимди этияттык менен тандабаса, тигилиши ичке кийимдер же кенен кийимдер арыктыгын баса корсотот. Арык адамдарга эки борттуу пиджактар, белинде эки бугушу бар жана манжеттуу шымдарды тандап алышы кажет. Койноктун олчомун тандоодо, моюн менен жаканын ортосуна эки манжалык орун калтыруу керек, женинин манжетасы бучулугун чечпей туруп ойдо турулуп кетпегидей болсун. Козго толумдуу болууга кыйгач жака (косой воротник) жана тош чонтоктогу корунуп турган жуз аарчы да жардам берет. Чачты бир аз узун коё кырктырса алибеттуу корсотот. АРАЛАШ ТИПТЕР ТОЛУК ЖАНА УЗУН БОЙЛУУ Эн негизгиси пропорцияны сактоого аракеттенуу керек. Эгерде сиз соогу чон киши болсонуз, кийимдин деталдары да чонураак болушу керек. Пиджактын чонтоктору да пропорциялуу болсун. Ийинди кошумча которууго болбойт жана чакмак, жазы тилкелуу кездемелерди такыр кошпогонунуз туура. АРЫК ЖАНА УЗУН БОЙЛУУ Арык жана узун бойлуу жигит кездемеге жана олчомдоруно конул болуусу зарыл, копчулук койнок менен шымдар аны узунунан чоюп корсотушу мумкун. Катуу кездемелерден тигилген эки борттуу костюмдар жана чакмак суроттуулордон кыя отпогуло. ТОЛУК ЖАНА БОЮ КЫСКА Кийим тандоо ото оор болгон типтерге кирет. Анткени аларга кийимди жараштыра туура тандап алууга кыйын болот. Мындай адамдарга бир тустогу жана тилкелерден турган кездемелерден тигилген кийимдерди тандап алып, тустордун айырмачылыгын жана карама каршылыктарынан качуу керек. Шолбурогон кийимдерди тандап алуу дагы туура эмес. Шлицасы бар пиджактарды кийууго тыйуу салынат. АРЫК ЖАНА БОЮ КЫСКА Мындай жигиттер кийимдердин деталдары да алардын денелерине пропорциялуу кичине кийимдерди тандап алышы керек. Ото чон лацкандар, манжеттер жана узун пиджактар буларга жарашпайт, алар козго ого бетер кичине корсотуп коюшат. Шымдары дайыма туфлилерин 2/3 болукко жаап турушу керек. БУЛЧУНДАРЫ ЧЫНАЛЫП ЧЫГЫП ТУРГАНДАР Копчулук эркектерде кокурок жана бел курчоосунун айырмасы бир нече сантиметр болушса, булчундуулардыкы 20 – 30 см болуп, коп проблема тузуп берет. Ийнине жарашыктуу чак келген костюмдар белине абдан кенен болуп калат. Бул жигиттер ийнине кошумча койбогон пиджактарды кийгени туура. Кайруусу (отворот) чон болсо кокурок пропорциялуу болот. Кайруусунун бурчтары ичке болгону абдан жакшы. Белди кындыйта тартып кийинбе, эркек кишинин фигурасы кум сааттарга окшош болбошу керек. Оор атлетчилерге узун пиджактарды кийсе, V –окшогон торсторун жашырып коёт. Стрелкасы бар шымдар жамбашты чонойтуп корсотот, чон оор бут кийим жана кичирээк олчомдогу манжеттуу шымдар дененин ылдыйкы болугун пропорциялуу кылып коргозот. Футболисттердей фигуралуу жигиттер (арык кокурок жана булчундуу буттар) узун пиджак, арты ачык болбосун жана санына чак жакшы отурган шымдарды кийууго болот (шымдын жамбашы ото тар болбосун, чонтоктогу буюмдар чыгып калат да байкабай кыймылдаса айрылып калышы мумкун). Бул адамдар койнокту сыртка чыгара кийсе жакшы жарашат (май куйрукту жабыш керек да). Айымдар кечирип койгула.